Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.12.2020, 04:30

Пандемиянын кесепетинен улам ЕАЭБдеги мүчө мамлекеттердин экономикасы төмөндөдү. Бирок, бул көрүнүш - убактылуу гана. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын башкы экономисти Евгений Винокуров билдирди.

[news 30319]

Эксперттин айтымында, негизги экономикалык өсүү 2021-жылдан трата болот. Бул учурда Россиянын экономикасы - 3.2%, Казакстандыкы - 4.4% жогорулайт.

«Биримдиктеги өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшү - күнүмдүк оптимизм эмес. Капиталдын, жумушчу күчтүн жана өндүрүштүн өсүүгө багытталган потенциалдуу траекториясы бар. Рецессия - бул убактылуу көрүнүш», — деп белгилейт Винокуров.

ЕАЭБдеги башкы өлөлөрдүн экономикасы 2022-жылы кайра калыбына келет. Казакстандын экономикасы, ИДПга карата 8.7% мамлекеттик колдоонун эсебинен, мурунку калыбына 2021-жылдын аягында кайтып келет.


Читать похожее

  • 21.08.2024, 23:00:14
  • 28.07.2024, 22:10:13
  • 21.07.2024, 21:45:09
  • 12.07.2024, 05:33:00