ЕАЭБ ичиндеги рынокто улуттук валюта менен жүргүзүлгөн сооданын үлүшү 70% түздү

25.02.2021, 11:45 Акчабар
ЕАЭБ ичиндеги рынокто улуттук валюта менен жүргүзүлгөн сооданын үлүшү 70% түздү

Евразия экономикалык бирликтин ичиндеги экспорттук жана импорттук төлөмдөрдө улуттук валютанын үлүшү дээрлик 70% түзүүдө. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын докладында айтылат.

Белгиленгендей, акыркы жети жыл ичинде улуттук валютадагы төлөмдөрдүн үлүшү 11% жогорулаган. Эгерде 2013-жылы 63% түзсө, азыркы учурда бул көрсөткүч 74% жеткен.

«‎ЕАЭБ ичиндеги соодада улуттук валютага өтүүнүн башкы себеби, ички экономикалык абалдан гана эмес, санкциялардын шартында тышкы тобокелдиктердин өсүп жаткандыгы менен байланыштуу», — деп белгилешти банктын аналитиктери.

Алардын айтымында, улуттук валютанын үлушүнүн кеңейиши биримдиктин ичиндеги соода-экономикалык байланышка жараша, сооданын түзүмү жана анын диверсификациясынын деңгээлне жараша болот.

Тэги: ЕЭБ экспорт импорт Улуттук валюта ЕЭК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть