ЕЭК ЕАЭБдин ичинен акча-кредит системасын түзүүнү сунуштайт

27.10.2020, 09:50 Акчабар
ЕЭК ЕАЭБдин ичинен акча-кредит системасын түзүүнү сунуштайт

ЕАЭБде улуттук валютада өз ара эсептешүүлөрдү көбөйтүү үчүн акча-кредит тутумун түзүү керек. Бул тууралуу ЕЭК министри Сергей Глазьев билдирди.

Анын айтымында, улуттук валютада өз ара эсептешүүлөрдүн үлүшү аз: биримдиктин ичинде 50%, Кытай менен эсептешүүлөрдүн көлөмү 15% ды түзөт.

«Россия менен Кытай өзүлөрүнүн төлөм системаларын, банктардын ортосунда электрондук маалымат алмашуу тутумун түзүштү, бирок бизнес катышуучулары дагы деле болсо бул инфраструктура элементтерин өтө жайбаракаттык менен колдонуп, дагы деле болсо чет элдик валютада иштеп жатышат», - деп белгиледи Сергей Глазьев. - Кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртүп, өзүбүздүн Евразия валюта-каржы тутумубузду түзүү керек деп эсептейм. Бул тобокелдиктерден камсыздандырып, ишенимдүү, ачык-айкын, ыңгайлуу, эффективдүү жана бизнес катышуучулары үчүн оор болбойт»,— деп билдирди министр.

Тэги: ЕАЭБ Улуттук валюта акча-кредит тутуму ЕЭК министри

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть