ЕБ Кыргызстандын билим берүү секторуна 32 млн евро бөлөт

06.04.2022, 16:09 Акчабар
ЕБ Кыргызстандын билим берүү секторуна 32 млн евро бөлөт

Бүгүн, 6-апрелде “Кыргызстандын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, макулдашууга кыргыз тараптан финансы министри Алмаз Бакетаев жана Европа биримдигинин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси, Еврокомиссиянын эл аралык кызматташтык маселеси боюнча башкы директору Сара Ринальди кол койду.

Макулдашуунун алкагында ЕБ Билим берүү жана илим министрлигине 32,0 млн евро өлчөмүндө кайтарымсыз бөлөт, анын 27,0 млн евросу өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого жана 5,0 млн евросу кошумча колдоо.

"Евробиримдиктин жардамы Туруктуу өнүгүүнүн 4 жана 5-максаттарына ылайык, инклюзивдик жана адилеттүү сапаттуу билимге өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга жардам берүүгө багытталган",- деп айтылат маалыматта.

Тэги: билим берүү сектору Европа биримдиги реформа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть