ЕЭК Кеңешинин жыйынынын күн тартибинде 7 маселе каралды

07.04.2022, 12:27 Акчабар
ЕЭК Кеңешинин жыйынынын күн тартибинде 7 маселе каралды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошева Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезексиз жыйынын видеоконференция режиминде өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕЭК Кеңешинин жыйынынын күн тартибинде 7 маселе каралган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу маселеси каралды. Талкуунун жыйынтыгында номенклатурасы бардык тараптар менен макулдашылган товарлардын айрым түрлөрү үчүн ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын убактылуу баштапкы абалга келтирүү, ошондой эле анын кыска мөөнөттөрүн эске алуу менен товарлардын максаттуу киргизилишин тастыктоо зарылдыгынан баш тартуу, чараны практикалык ишке ашыруу процессин жөнөкөйлөтүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен макулдашылган товардык позициялардын тизмесине Кыргызстан тарабынан сунушталган 243 товардык позиция киргизилген.

Тэги: ЕАЭБ ЕЭК Кеңеши товарлардын айрым түрлөрү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть