Опубликовано
13.10.2020, 05:5012-октябрда Алексей Афанасьев Евразия экономикалык комиссиянын финансы департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭК басма сөз кызматы билдирди.
[news 28970]
Комиссия белгилеп кеткендей, Алексей Афанасьев 2012-2014-жылдары Белорусиянын Минск боюнча финансы министрлигинин башкармалыгында иштеген.
2014-2020-жылдары Минск шаардык аткаруу комитетинин финансы ашкармалыгынын башкы директору болуп эмгектенген.