akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    23.10.2020, 03:30

    Евразия экономикалык комиссиянын соода боюнча министрлик коллегиясы Евро Биримдик менен тармактык жана соода-экономикалык боюнча диалогду күн тартибинде активдүү жүргүзүүгө чакырды.

    [news 29272]

    22-октябрда өткөн «Евразия экономикалык союз: мааниси, жетишкендиги жана өнүгүүнүн перспективдүүлүгү» деп аталган, Россия-Герман тышкы соода палатасы тарабынан уюштурулган конференцияда ЕЭКтин өкүлү дагы катышты. Иш-чарага ЕАЭБде иштеген компаниялардын өкүлдөрү жана жаңылануучу энергетика тармагынын, «жашыл» инвестиция, финансы жана логиятика тармагынын эксперттери катышышты.

    ЕАЭктин соода боюнча министри – Андрей Слепнев тынчсыздандырган маселени белгилеп кетти: бүгүнкү күндөгү кризистен союздун Европа Биримдиги менен болгон соодасы эң көп жапа чекти: 2020-жылдын январь-июль айынын жыйынтыгы менен төмөндөөнүн көлөмү 27.6% түздү. ЕАЭБ менен жүргүзүлгөн сооданы салыштырып караганда 13.8%, Кытай менен болгон соода - 6.3% төмөндөгөн.

    «Азыркы болуп жаткан кыйын учурда, ЕАЭБ тереңдетилген экономикалык уюм катара эки ири интеграциялык бирикме менен экономикалык байланышты бекемдеп жатканын дагы бир ирет көрсөтүүдө», – деп билдирди ЕЭКтин соода боюнча министри.

    Кошумчалай кетсек, Андрей Слепнев ЕЭКтин немис бизнес жагынан салтка айланып калган колдоого үмүт этээрин билдирди.