Екатеринбургдан Бишкекке Кыргызстандын 166 жараны учуп келди

12.08.2020, 11:03 Акчабар
Екатеринбургдан Бишкекке Кыргызстандын 166 жараны учуп келди

Бүгүн, 12-августда Екатеринбургдан Бишкекке «Урал авиалиния» ААК чартердик каттамы менен 166 Кыргызстандын жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бул каттам менен Кыргызстанга кайтууга курч муктаждыгы бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Магнитогорск, Тюмен, Сургут, Салехард, Жаңы Уренгой, Надым, Ноябрьск, Курган жана Пермден (ар кандай оорулары бар, улгайган курактагы, кош бойлуу аялдар жана жаш балдары менен энелер, ошондой эле турмуштук оор шарттагы жарандар) кайтып келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын жана кыргыз диаспоралык уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы адамдарда "Урал авиалиниялар" компаниясынын каттамдарына мурда сатып алынган авиабилеттердин бар экендиги эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылган эмес.

Тэги: чарттердик каттам ТИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть