Опубликовано
29.03.2021, 11:15Кыргызстанда 257 аудитор 2019-2020-жылдарга квалификацияны жогорулатуу үчүн тийиштүү документтерди тапшырышкан эмес. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы билдирди.
[news 26412]
Мекемеден белгилешкендей, «Аудитердин ишмердүүлүгү» мыйзамыа ылайык, квалификациялык сертификаты бар ар бир аудитор ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген квалификацияны жогорулатуу программасынан жыл сайын өтүүсү керек.
Андан сырткары, айрым аудиторлор тарабынан квалификацияны жогорулатуу боюнча маалымат берилген эмес. Эгерде жүйөсүз себептерден улам, эки ирет мыйзам бузуу катталса алар сертификаттан ажыратылат.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы аудиторлорго 2021-жылдын 19-апрелине чейин түшүндүрмө берүүсүн талап кылышууда.