Опубликовано
09.12.2020, 07:25Финансы министрлиги тарабынан экономикалык амнистия үчүн ачылган эсепке, 9-декабрга карата 912.1 млн сом келип түштү. Бул тууралуу «Акчабарга» ведомстводон маалымдашты.
[news 29682]
Ведомстводон белгилешкендей, түшкөн каражаттын 807.3 млн сому - Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Райыимбек Матраимовдон которулган.
Андан сырткары, финансы министрлиги өз ыктыяры менен тышкы карызды төлөөгө жардамдашууну каалагандар үчүн экинчи эсеп ачкан. Бул эсепке 3-декабрда алгачкы которуу болуп, 27 миң сом түшкөн. «Акчабарга» маалым болгондой, эсепке мындан башка акча которуу боло элек.