Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйыны өттү

19.12.2020, 11:00 Акчабар
Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйыны өттү

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, уюшулган жумушчу топтор маанилүү стратегиялык багыттар боюнча иш алып барат.

«Бүгүнкү күндө калкты жумуштуулук менен камсыздоо негизги милдет болуп саналат. Буга байланыштуу Өкмөттүн жаңы жумушчу орундарды түзүү, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, инвестицияларды коргоону жана инвесторлордун бакубат ишмердүүлүгүнүн кепилдигин камсыздоо боюнча иши ириде ушул милдеттерди чечүүсү тийиш. Жарандардын өз мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдалануусу үчүн шарттар болуусу керек», - деди Артем Новиков.

Кеңешменин соңунда, Салык кодексинин концепциясынын жана Укук коргоо, сот органдарынын жана бизнестин мамилелерин натыйжалуу түзүү механизмдери боюнча концепциясынын долбоорлору жактырылды. Андан сырткары, концепция долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди. Кеңештин келерки жыйыны 28-декабрда өтөт.

Тэги: реформа кеңеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть