Эксперт: күйүүчү майдын литрине болгон баа 50 сомго чейин чыгып кетиши мүмкүн

22.02.2021, 17:30 Акчабар
Эксперт: күйүүчү майдын литрине болгон баа 50 сомго чейин чыгып кетиши мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы ылдамдык менен өсүп жатат. Өткөн аптада АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын бир литрине болгон баа 39.9 сомду түзсө, 22-февралдан тарта бул баа 40.9 сомго чейин көтөрүлдү.

Баанын өсүп жаткан себебин аныктоо үчүн «Акчабар» «Нефтрейдерлер Союзунун» директору Заур Кипкеевге кайрылып көрдү.

Кипкеевдин айтымында, баанын өсүшүнө көптөгөн факторлор таасир этет, анын эң башкысы болуп чийки заттын жетишсиздигинде. ОПЕК+ өлкөлөрүнүн макулдашууларынан улам мунай казуунун көлөмү кыскартылган. Андан сырткары, компанияларга чийки заттын өзүн кайра иштетпестен сатуу жеңилге турат.

Андан сырткары, эпидемиологиялык кырдаал баанын өсүшүнө дагы бир себеп болду. Россия жана Европанын экономикалык абалы жакшыра баштагандыктан, күйүүчү майлардын басымдуу бөлүгү ушул мамлекеттерге биринчи кезекте жөнөтүлүүдө.

Андан сырткары, Кипкеев билдиргендей жазында ОПЕК+ мамлекеттери мунай казуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эгерде маселе оң тарабынан чечилсе, баа бир айдын ичинде кайра калыбына келет.

«Күйүүчү майдын дүңүнө болгон баа акыркы айда 100 долларга кымбаттады. Эгерде мурун бир тоннага 350 доллар төлөсөк, бүгүн 500 доллар төлөп жатабыз. Эгерде бензинге карата баа асмандын башына чейин чыгып кетсе таң калуунун кереги жок. Бир литр күйүүчү майдын баасы 50 сомго дагы чыгып кетиши мүмкүн», — деп билдирди Заур Кипкеев.

Тэги: күйүүчү май баа АИ-92 Нефтрейдерлер Союзу Заур Кипкеев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть