COVID-19: Эл аралык донорлордон алынып жаткан жардамдар тууралуу

03.07.2020, 16:15 Акчабар
COVID-19: Эл аралык донорлордон алынып жаткан жардамдар тууралуу

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавирус менен күрөшүү үчүн эл аралык донорлордон алынып жаткан жардамдар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо тармагына 4 эл аралык донордон каражаттар алынууда.

- Дүйнөлүк банктын ERIK долбоору боюнча – 9 млн доллар. Тендерлер өткөрүлүп-өткөрүлүүдө, жеке коргонуучу каражаттар, жабдыктар алынууда. Ошондой эле тез жардам унаалары алынат.

- Дүйнөлүк банктан – 12 млн доллар. Ратификация процедурасынан өткөн.

- Азия өнүктүрүү банкынан – 20 млн доллар. Өткөн аптада Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөн.

- Ислам өнүктүрүү банкынан – 15 млн доллар. Июнь айынын аягында макулдашууга кол коюлган, 25-июнда Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөрүлгөн.

Тэги: Өкмөт үйү Вице-премьер-министр Аида Исмаилова

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть