Эл аралык комитет Казакстан менен чек арадагы көйгөй чечилмейинче  ЕАЭБ боюнча маселени карабай туруу чечимин кабыл алды

02.06.2020, 13:20 Акчабар
Эл аралык комитет Казакстан менен чек арадагы көйгөй чечилмейинче  ЕАЭБ боюнча маселени карабай туруу чечимин кабыл алды

Бүгүн, 2-июндагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутат Каныбек Иманалиев: «Казакстан менен чек арабызда үч күндөн бери жүк ташыган унаалар турат. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы эл аралык ишмердүүлүккө тиешелүү маселелерди күн тартибинен алып салууну сунуштайм», – деди.

Депутаттын айтымында Өкмөт ыкчам түрдө ЕАЭБдин катчылыгына нота жибериш керек.

«Муну менен катар мамлекеттик чек арадагы абал чечилмейинче аталган биримдикке тиешелүү бардык маселени кароону комитет четке кагышы зарыл», – деп кошумчалады.

Комитет төрагасы Исхак Пирматов Каныбек Иманалиевдин сунушун добушка салып, депутаттар толук колдошту.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети төмөндөгү маселелерди карашы керек болчу:

  • «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
  • «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
  • «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Армения Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
  • «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
  • «2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурга карата даярдыкты камсыздоо жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам берүү боюнча КМШга катышкан-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору.

Тэги: Эл аралык комитет Казакстан чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть