Electricite de France компаниясы Кыргызстанда ири ГЭСтерди курууга кызыкдар болууда

15.04.2022, 17:45 Акчабар
Electricite de France компаниясы Кыргызстанда  ири ГЭСтерди курууга  кызыкдар болууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Électricité de France компаниясынын Россиядагы жана КМШ мамлекеттериндеги өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон жана Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту.

Төрөбаев белгилегендей, Кыргызстан энергетика тармагындагы, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу долбоорлоруна катышууга кызыкдар инвесторлордун сунуштарына ачык.

«Бизде 142 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Биздин артыкчылыктуу багытыбыз – Камбар-Ата-1 ГЭСин, чакан ГЭСтерди, ошондой эле күн жана шамал станцияларын куруу. Биз «жашыл экономика» долбоорлорун өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», - деди Төрөбаев.

Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов кошумчалагандай, 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында «жашыл», санариптик жана креативдүү экономикаларды өнүктүрүү боюнча негизги багыттар көрсөтүлгөн.

Анын айтымында, министрлер кабинети «жашыл экономика» тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө умтулууда.

Électricité de France өкүлчүлүгүнүн директору энергетика тармагындагы долбоорлор боюнча, атап айтканда, ири ГЭСтерди куруу боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары кызматташуу маселелерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечимине келишти.

Тэги: Électricité de France ГЭС жашыл экономика»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть