Электр тармактары күз-кыш мезгилине даярданууда

27.08.2020, 16:10 Акчабар
Электр тармактары күз-кыш мезгилине даярданууда

Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын адистери тарабынан алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча бип топ иштер аткарылууда. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ала ылайык, 2020-жылдын 7 айынын ичинде төмөнкү иштер аткарылды:

- көмөк чордондордун 255 даана көлөмдөгү жабдууларын капиталдык оңдоо;

- көмөк чордондордун 2313,85 даана көлөмдөгү жабдууларын, 731 чакырым узундуктагы аба чубалгыларын (АЧ) учурдук оңдоо.

Капиталдык курулуш боюнча аткарылган иштер:

«Манас», «Бирдик» көмөк чордондорунда 110-35-10 кВ күчтүк жабдууларды алмаштыруу менен трансформаторлордун кубаттуулугу көбөйтүлдү.

«Аламүдүн» көмөк чордонунда сырттан себил бөолүштүрүүчү түзмөктү (ССБТ) алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат. “Молодогвардейская” көмөк чордонунда киргизме чөнөк орнотулду. 7 көмөк чордондо аккумулятордук батареялар алмаштырылды. Муну менен катар 7 көмөк чордондо 110 кВ аша чыңалууну чектегичтер (АЧЧ) алмаштырылды. Электр берүү чубалгыларында обочолоткучтарды алмаштыруу боюнча көлөмдүү иштер жүрүп жатат. Азыркы учурда иш жүзүндө 11681 обочолоткуч алмаштырылды башкача айтканда, 86,5%, ошондой эле «Ак-Суу-Сокулук» 110 кВ аба чубалгысында 17,2 км узундуктагы зым чоңураак кесилиштеги зымга алмаштырылууда», - деп жазылат маалыматта.

Өндүрүштүк имараттар, курулмалар жана унаа каражаттары да кыш мезгилинде иштөөгө даярдалып жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Тэги: электр тармактары Ишкана адистер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть