Эксперт: Кыргызстан электромобилдик унаага өтүү үчүн 10 жыл убакыт керектелет

09.10.2019, 13:46 Акчабар
Эксперт: Кыргызстан электромобилдик унаага өтүү үчүн 10 жыл убакыт керектелет

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 млн. 291 миң авто унаалардын саны катталган. Бул тууралуу бүгүн, 9 – октябрда Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология Башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Шабданов «Кыргызстан жашыл экономикага өтүүдөгү көйгөйлөрү жана келечеги» тууралуу Акипрессте өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, 5 жылга чейинки автоунаалардын саны 9 миң же 0,6%, ал эми 5 жылдан 10 жылга чейинкилердин саны – 2%, 15 жылдан өйдө – 80% түзөт. Автопарктын дагы абдан эскилиги жеткен.

Башкы ага инспектор Жеңишбек Эсенаманов электромобилдик унаага өтүү сунушун билдирди. Анын айтымында, электр унаага азырынча салык жана бажы алымдары жок.

Green Energy коомдук фондунун жетекчиси Анаргүл Султангазиева, электромобилдик унаага өтүү үчүн комплекстүү жумуш, талапка ылайык инфраструктура жана 10 жылга жакын убакыт керектелээрин билдирди. Андан сырткары кошумча – газга же эки дөңгөлөктүү шайтан арабага өтүү жолу бар экенин айтты.

Анадан сырткары, тегерек столдо электромобилдик унаалардын баасы кадимки автоунаалардан эки эсе кымбат экени айтылды.

Тэги: Электромобилдик унаа электромобил Кыргызстан жашыл экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть