Эми ChatGPT’ни катталбастан колдонууга болот

02.04.2024, 13:00 Акчабар
Эми ChatGPT’ни катталбастан колдонууга болот

OpenAI (америкалык илимий изилдөө уюму) жасалма интеллект ChatGPT менен чат-ботко эркин кирүү мүмкүнчүлүгүн ачты. Аны колдонуу үчүн мындан ары катталуунун кереги жок.

Компания билдиргендей, кызыккандар ChatGPT'ни каалаган учурда, катталбай эле колдоно алышат.

"Биз бул функцияны акырындык менен AI анын мүмкүнчүлүктөрүнө кызыккандардын баарына жеткиликтүү кылуу үчүн киргизип жатабыз”,- деп түшүндүрдү OpenAI.

Антсе да ChatGPT'ге катталуунун өзүнүн артыкчылыктары бар. Мисалы, катталган колдонуучулар өздөрүнүн суроолорунун тарыхын сактап, ошондой эле бот менен үн байланышы сыяктуу кошумча функцияларды колдоно алышат.

"ChatGPT колдонуучу болгон маекти моделди жакшыртуу үчүн сактайт. Каалоочулар муну жөндөөлөрдөн (настройка) өчүрө алат”, - деп белгиледи OpenAI.

ChatGPT 2022-жылдын күзүндө ишке киргизилген. ChatGPT - бул OpenAI тарабынан иштелип чыккан генеративдик жасалма интеллект чат-боту. Колдонуучу ага кайсы бир темада суроолорду берип, жообун ала алат. Суроо кайсы тилде берилсе, жооп ошол тилде болот.

Тэги: ChatGPT OpenAI катталуу почта функция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть