ЕӨБ «Эйр Манас» авиакомпаниясына үч самолет алып берет

17.03.2020, 11:15 Акчабар
ЕӨБ «Эйр Манас» авиакомпаниясына үч самолет алып берет

Евразия өнүктүрүү банкы «Эйр Манас» авиакомпаниясына үч самолет алуу үчүн каржы бөлөт. Бул тууралуу банктын башкармасы Андрей Бельянинов журналисттер менен болгон Москва-Кишенев-Ереван-Минск «Евразия өнүктүрүү банкынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон регионалдык кызматташуу, интеграция видео көпүрө» учурунда билдирди.

Банк бул долбоорду мамлекеттик-транспорт-лизинг ишканасы аркылуу ишке ашырып жатканын, Бельянинов билдирди.

«Бул келишим ишке ашуунун алдында турат. Кыргыз авикомпаниялардын жаңылануусуна өбөлгө болот деп ишенебиз», — деп баса белгиледи Бельянинов.

ЕӨБ Кыргызстандагы эл аралык «Манас» аэропортун жаңылоого катышуу сунушун беришкен. Бул сунушка «Манас» аэропортуна тийиштүү болгон сегиз аэропорт тең кирет.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда чыккан убактысы 25 жылдан ашкан самолетторду Мамлекеттик реестрге киргизүүгө тыюу салынган.

Тэги: ЕӨБ эйр манас үч самолет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть