Эс алуучу жайларда санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу күчөтүлдү

18.08.2020, 16:00 Акчабар
Эс алуучу жайларда санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу күчөтүлдү

Санитардык коопсуздук чаралардын аткарылышын көзөмөлгө алуу күчөтүлдү, анын ичинде көп сандаган адамдардын катышуусундагы майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынган.

Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде белгиленгендей, тармактык кызматтар кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайлар боюнча рейддерди өткөрүүдө.

Премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы убакта ар-кыл майрамдарды өткөрүү фактылары көбөйүп жаткандыгын белгилеп, бул багыттагы иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Жалпысынан алгансда, республика боюнча оорунун кыскарып жаткандыгы менен, айрым райондордо дагы эле оорулуулардын саны жогору бойдон калууда. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын калк менен санитардык чараларды сактоо, анын ичинде массалык үй-бүлөлүк иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча жетишсиз иш алып барып жаткандыгын далилдейт. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Акыркы учурда жегиликтүү бийлик органдарынын айрым жетекчилери кырдаалды жөнгө салууда бошоңдоп калганы байкалууда. Мындайга жол берилбеш керек. Өзгөчө күз-кыш мезгили босогодо турганда жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта жана ыкчам тартипте иштөө шарт. Биздин негизги милдет - ооруну азайтуу, өлүмдүн алдын алуу, бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу», - деди Кубатбек Боронов.

Штабдын жыйынын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга кирүү тартибин өзгөртүү маселелерин иштеп чыгуу, ошондой эле медициналык багыттагы объекттердин курулуш иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.

Тэги: санитардык талап кафе тойкана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть