Эттин баасы кескин кымбаттады (видео)

19.11.2020, 11:10 Акчабар
Эттин баасы кескин кымбаттады (видео)

Соңку күндөрү Кыргызстанда эттин баасы кескин кымбаттады. Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги мунун себебин малдын жана эттин экспорту өскөнү менен түшүндүрдү. Министр Тилек Токтогазиевдин айтымында, бүгүнкү күндө коңшу Өзбекстанга эле былтыркы жылга салыштырмалуу мал жандыктары он эсе көп сатылган.

Айыл-чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздук боюнча бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2020-жылдын 27-августуна чейин 25миң 925 баш кой-эчки сыртка сатылган. Анткен менен бул өткөн жылга салыштырмалуу беш миң башка аз.

Кыргызстанга жылына 400 миң тонна эт керектелет. Бирок 16 миң тонна гана эт өндүрүлөт. Демек, өлкө эт менен өзүн-өзү камсыздай албайт.

«Акчабар» каржы порталы Бишкектеги базарлардын бирине барып эттин баасы канча сомго кымбаттаганын соодагерлердин оозунан укту.


Ал арада сыртка мал чыгарууга бөгөт коюу боюнча чечим чыкканы белгилүү болду. Тиешелүү жарлык өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон тарта күчүнө кирээрин айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Тэги: эттин баасы базар Тилек Токтогазиев эт экспорт мал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть