2019-жылы Евразия өнүктүрүү банкынын кирешеси 68.9 млн $ түзгөн

01.07.2020, 12:15 Акчабар
2019-жылы Евразия өнүктүрүү банкынын кирешеси 68.9 млн $ түзгөн

Евразия өнүктүрүү банкынан келген инвестициянын көлөмү 25.6% жогорулап 4.3 млрд долларды түздү. Баланстык портфель 32% же 2.8 млрд $ жогорулаган. Бул маалымат Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин видеоконференция форматында өткөн жыйынында айтылды.

Маалым болгондой, банктын портфолиосундагы үлүштүн басымдуу бөлүгү Орусияга (45.7%) жана Казакстанга (40.1%) таандык.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча учурдагы инвестициялык портфелдин тармактык түзүмү өзгөргөн жок, бир жыл мурдагыдай эле, эң чоң үлүштү энергетика тармагындагы долбоорлор ээлеген - 21,1%, транспорт - 18,9% жана финансы сектору - 18,7%.

2019-жылы 1.3 млрд долларга жаңы 27 долбоорго кол коюлган.

Банк Евразия өнүктүрүү банкына катталган бардык өлкөлөргө өзүнүн активдүүлүгүн күчөтүп, улуттук долбоорлорду каржылоодо.

Банктын портфелиндеги интеграциялык долбоорлордун үлүшү максаттуу көрсөткүчтөн ашып, 54,4% түзгөн. 2019-жылдын аягында ЕРӨБдүн насыялоонун жалпы көлөмү 2,6 млрд долларга жеткен.

Банк 2019-жылы жалпысынан 80 млрд теңгеге беш баалуу кагаздарды жайгаштырган, ал эми орусия рублуна беш баалуу кагаздарды 23 млрд рублга жайгаштырган. Ал эми экинчи рынокто 201 млн долларга евро баалуу кагаздарды жайгаштырган.

Инвестициялык портфелдин олуттуу өсүшүн эске алып, банк өзүнүн сапатын талаптагыдай деңгээлде сактай алды.

2019-жылы портфелдин балансы 3.2 пайыздан 2.4 пайызга чейин төмөндөгөн. 2019-жылдын жыйынтыгы менен киреше 68.9 млн долларды, капиталдын рентабелдүүлүгү - 3.8% түзгөн.

Тэги: банк долбоор каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть