Евробиримдик кайрадан чек арасын жабууда

09.09.2020, 11:45 Акчабар
Евробиримдик кайрадан чек арасын жабууда

Европа бирлиги ички чек араларын кайрадан жабууда. Бул тууралуу Euronews порталы маалымдады.

Бул жума ичинде Венгрия Европа бирлигиндеги мамлекеттердин жарандарын киргизүүнү токтотту. Анын себеби, бирликте вирус менен ооругандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу. Еврокомиссия чек араны жабуу боюнча бирликтен сырткаркы өлкөлөргө сунушун берди.

«Кызыл, кызгылт сары же жашыл зоналар кырдаалга жараша түстөрүн өзгөртүшү мүмкүн. Чек араларды кайрадан жабуу сунушу – бул жарандардын оорудан алыс болуусуна жардам берет», - деп билдирген Европанын Ички иштер боюнча комиссары Ильва Йоханссон.

Европа Комиссиясы коронавируска карата алынган тесттердин жыйынтыгна жараша эл аралык каттамдар боюнча бирдиктүү критейрийлерди киргизүүнү сунуштайт. Анын бири - түстуү зоналарды киргизүү. Себеби, түстүү зоналар аркылуу биримдиктин бардык аймактарында бирдей мааниге ээ болот жана кооптуу аймактардан келген адамдарга бардык жерде бирдей мамиле жасалат.

«Биз ЕБ жарандарына башка ЕБ өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салынбашы керек деп эсептейбиз. Тескерисинче, өкмөттөргө тестирлөө же карантин жарыялоону сунуштайбыз. Саякаттап жүргөн адамдарга тоскоол болбошу үчүн тестирлөөгө артыкчылык берилиши керек. Ошол эле учурда кызыл, кызгылт сары жана жашыл зоналар боюнча эрежелер так сакталууга тийиш», - деди Европа Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Лейен.

Сунушталган чаралар Европа парламентинин көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан жактырылганы айтылды.

Тэги: Европа Бирлиги чек ара Euronews портал Венгрия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть