Опубликовано
08.09.2020, 03:352016-жылдын февраль айынан тарта евронун курсу алгачкы ирет 90 рублга, доллардын курсу – 76 рублга көтөрүлдү. Бул тууралуу «РИА Новости» порталы маалымдады.
[news 27794]
Москва биржасында евро 90.02 рубль, доллар – 76.1 рубль менен сатылууда. Өз кезегинде Россиянын Борбордук казынасы берген маалыматка ылайык, евронун наркы 89,5 рубль, доллар – 75.6 рубль менен сатылган.
«Интерфакс» басылмасы билдиргендей, валюта курсунун төмөндөшүнүн себеби мунайга болгон баанын жана Россияга каршы санкциялар менен байланыштуу.
Азыркы учурда Brent маркасындагы мунайдын бир баррелге болгон баасы 42 $, WTI — 39.3 $ түзүп жатат. Белгилей кетсек, 4-сентябрда Brent маркасындагы мунайдын баасы 44.5 $, WTI — 41.8 $ түзүүдө.
Улуттук банк берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу төмөндөгөн:
Андан сырткары, рублга жана теңгеге карата сомдун курсу 0.69% жогорулаган.
Коммерциялык банктарда доллар 78.4 сомдон 78.6 сомго чейин, евро – 92.3 сомдон 92.6 сомго чейин сатылууда.