Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагына 32 млн евро өлчөмүндө грант бөлөт

17.03.2022, 12:24 Акчабар
Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагына 32 млн евро өлчөмүндө грант бөлөт

Билим берүү жана илим министрлигинде министр Алмазбек Бейшеналиев менен Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрдин жолугушуусу болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин билим берүү жаатындагы биргелешкен демилгелерин талкуулашты. Атап айтканда, алар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашуу (анын алкагында Европа Биримдиги тарабынан Кыргызстанга 35,76 млн евро өлчөмүндө гранттык жардам берилген) ийгиликтүү аяктаганын, бул каражаттар Кыргызстандын бюджетин колдоого жумшалганын белгилешти.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда Кыргызстандын билим берүү секторунда реформа жүргүзүүгө жаңы гранттык келишим түзүүнүн күнгөй-тескейин талкуулашты.

"2023-2027-жылдарга эсептелген бул келишимдин алкагында Европа Биримдиги Кыргызстанга 32 млн евро өлчөмүндө грант бөлүп берет, бул каражаттар да өлкөнүн бюджетин колдоого багытталат",- деп айтылат маалыматта.

Тэги: Билим берүү тармагы Европа биримдиги грант.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть