Европа биримдигинин саммити октябрда өтөт

23.09.2020, 09:45 Акчабар
Европа биримдигинин саммити октябрда өтөт

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Европа биримдигинин (ЕБ) 24-25-сентябрга белгиленген саммити 1-2-октябрга жылдырылганын билдирди.

Бул Мишелдин убактылуу карантинге алынганына байланыштуу —ал жакында коопсуздук кызматынын коронавирус жуктуруп алган өкүлү менен сүйлөшкөнү аныкталган.

Европа кеңешинин өкүлү Баренд Лейтц «Твиттердеги» баракчасына Шарль Мишель бир канча убакыт карантинде болушу керектигин жазды. Анын айтымында, кеңештин башчысы тез-тез тесттен өтүп жатат, дүйшөмбү күнү тапшырган акыркы анализи таза чыккан. Бирок Бельгиядагы эпидемиологиялык эрежелер боюнча ал карантинде болушу керек.

ЕБдин кезектеги саммитинде Брекзит боюнча сүйлөшүүлөрдөн тартып климаттын өзгөрүшү, Жер Ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндөгү суутек кендерин издөөгө байланыштуу Түркия менен Грекиянын ортосундагы чыңалууга чейинки маселелерди кароо пландалган. Мындан тышкары саммиттин күн тартибинде Беларус лидери Александр Лукашенкого каршы санкцияларды карап, кабыл алуу маселеси да бар.

Тэги: Европа кеңеши төрага Шарль Мишель Европа биримдиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть