akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    25.03.2021, 06:30

    Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстандагы орточо эмгек акынын көлөмү 17 мин 966 сомду түзгөн. 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 4.6% жогору. Бул тууралуу финансы министрлиги Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына таянуу менен билдирди.

    [news 32927]

    Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу айлык акы 2.58% төмөн төлөнүп бериле баштады.

    Кошумчалай кетсек, официалдуу катталган жумушсуз жарандардын саны февраль айынын аягында 78.4 миңге жеткен. 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2.1% жогорулаган.


    Читать похожее