Февралдан тарта жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштайт

28.01.2021, 17:00 Акчабар
Февралдан тарта жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштайт

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттордун алгачкы 100 миң нускасы февраль айынын аягында даяр болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына ылайык жаңы электрондук паспорт Кыргызстандын жарандарын коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоону камсыз кылат.

«Жаңы паспорттор 30дан ашуун заманбап коопсуздук элементтери менен корголот, анын ичинде мукабасында рельефтик сүрөттөр когнитивдик басма менен колго сезилген элементтери колдонулат. Ушул жана башка адистештирилген элементтер: суу белгилери, голограммалар, коопсуздук жиптери, заманбап материалдар жана лазердик технологиялар жеке маалыматты колдонуу фальсификация жана терроризм элементтерине каршы учурдун талабы болуп саналат. Жаңы паспорттордун эң маанилүү коргоосу – бул документтин ээсинин бардык маалыматтары жана сүрөтү камтылган электрондук чип. Жаңы технологиялардын өзгөрүшүнө жана коргоонун жаңы элементтеринин киргизилишине байланыштуу жалпы жарандык паспорттор 3-5 жылда бир жолу алмаштырылышы мүмкүн», – деп жазылат маалыматта.

Жаңы паспорттун барактарында Кыргызстандын аймактарынын символдору – Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин, Манас эстелигинин, Айгүл гүлүнүн, Таш-Рабат архитектуралык комплексинин, Ысык-Көлдүн жана башка сүрөттөр камтылган.

«Ал эми «атасынын аты» бөлүмү боюнча, МКК жаңы паспорттордо адамдын атасынын аты бар экендиги жөнүндө коомдук талкууну көзөмөлгө алды. Социалдык тармактарда жарандар бул форматка терс мамиле жасашты, анткени бул атанын ысымы колдонулбаган өлкөлөрдө биздин жарандарды идентификациялоону татаалдаштырат. Латын тамгалары менен паспорттун ээсинин атасынын аты ушул бөлүмдө жарандын каалоосу менен гана жазылат деген чечим кабыл алынды», – деп маалымдалды.

Тэги: паспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть