Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

17.03.2022, 08:14

Үстүбүздөгү жылдын февралында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди, муну менен бирге алардын (1,6 пайызга) эң көп өсүүсү Беларусияда катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2022-жылдын февралында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (3,1 пайыз) Беларусияда катталды.

"Муну менен бирге, Арменияда баалар жана тарифтер эң көп (3,7 пайызга) азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) жогорулады. Ошол эле мезгилде, кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалардын максималдуу өсүүсү - 5,4 пайызга Беларусияда катталган. Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын баасы 1,5 пайызга Орусия Федерациясында өстү",- деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында январга салыштырмалуу ЕЭАБге мүчө-мамлекеттериндеги инфляциянын деңгээли:

  • Армения - 0,1%
  • Беларусия - 1,6%
  • Казакстан - 0,8%
  • Кыргызстан - 0,7%
  • Орусия - 1,2%.

Январь-февралдагы өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү):

  • Армения - 0,8%
  • Беларусия - 1,5%
  • Казакстан - 0,7%
  • Кыргызстан - 0,9%
  • Орусия - 1,1%.

Читать похожее

  • 21.08.2024, 23:00:14
  • 28.07.2024, 22:10:13
  • 21.07.2024, 21:45:09
  • 12.07.2024, 05:33:00