Февралдын аягында Эр-Риядда кыргыз-сауд бизнес-форуму өтөт

17.02.2022, 14:20 Акчабар
Февралдын аягында Эр-Риядда кыргыз-сауд бизнес-форуму өтөт

Ушул жылдын 24-27-февралында Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд бизнес-форуму жана жарманке - көргөзмөсү өтөт. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов компанияларды жана ишкерлерди бул иш-чараларга активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 15-февралында Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжан элчилери үчүн уюштурулган “Соода жана инвестициялык форумга” катышты.

Форумдун жүрүшүндө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларына Падышалыктын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана “Saudi Vision 2030” улуттук стратегиясынын алкагында өлкөнүн өнүгүшү, Сауд Арабиянын экономикасын диверсификациялоо боюнча реформалардын жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди.

Элчи Марипов форумдун катышуучулары жана коноктору үчүн Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлору жана ошондой эле туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация тартуулады.

Жолугушуулардын алкагында эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу бизнес жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги талкууланды.

Тэги: бизнес форум жарманке Сауд Арабия Марипов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть