Опубликовано
05.02.2021, 08:20Кыргызстандын финансы министрлиги бардык бош орундарга жарыяланган сынактарды жокко чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
[news 31539]
Министрликтен маалымдашкандай, сынактар өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жана анын түзүмүн өзгөртүү жөнүндө президенттин жарлыгынын негизинде жокко чыгарылган.
Белгилей кетсек, жаңы премьер-министр парламенттин колдоосу менен айрым министрликтер менен ведомстволор кайра түзүлүп, биригип жаткандыгын жарыялаган.