Опубликовано
09.02.2021, 11:40Кыргызстандын финансы министрлиги «Айыл чарбаны каржылоо – 9» долбоору аркылуу фермерлерге берилген насыянын пайыздык чендерин субсидиялоого 370 млн сом бөлөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
[news 32195]
Каражаттар мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү тармагына берилген насыянын пайыздык ченин төлөөгө багытталат. Бирок, каражаттын бардыгы тең субсидиялоого жумшалбайт.
Долбоорго катышууну каалаган коммерциялык банктар атайын арыз менен кайрылса болот жана республиканын бардык аймактарында (райондорунда) банктардын филиалдары башкы приоритет катары каралат.