Кыргызстандын финансы министрлиги мамлекеттик казыналык векселдердин жана мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын үстүбүздөгү жылдын сентябрь айындагы көлөмү тууралуу алдын-ала маалымат таратты.
12 айлык мамлекеттик векселдердин жалпы көлөмү - 200 млн сомду түзөт. Үч, беш, жети жылдык мамлекеттик баалуу кагаздар 5-7% чен менен жалпысынан 1.7 млрд сом чыгарылат.
Кошумчалай кетсек, 24-августта беш жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды кошумча жайгаштыруу болгон.