Опубликовано
09.03.2021, 10:15Финансы полициясын жоюу тууралуу өкмөттүн чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
[news 30722]
Атайын түзүлгөн комиссияга Финансы полициясынын кызматкерлерин бошотуу жана бошонуу жөлөкпулун, ошондой эле башка кошулуучу төлөмдөрдү мыйзамдарга ылайык төлөө; кредиторлор менен эсептешүү жана ведомствонун дебитордук карызын төлөтүү; мүлкүн каттоо жүргүзүү; Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ликвидациялык балансын даярдоо жана аны өкмөткө бекитүүгө жөнөтүү; мыйзамдарга ылайык Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Мамлекеттик кадр кызматына финансы полициясынан бошотулган кызматкерлерди окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуштарды киргизүү; ЭККМК өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарды белгиленген тартипте тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү тапшырылды.
[news 32990]