Финансы полициясын жоюу боюнча атайын комиссия түзүлдү

09.03.2021, 16:15 Акчабар
Финансы полициясын жоюу боюнча атайын комиссия түзүлдү

Финансы полициясын жоюу тууралуу өкмөттүн чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Атайын түзүлгөн комиссияга Финансы полициясынын кызматкерлерин бошотуу жана бошонуу жөлөкпулун, ошондой эле башка кошулуучу төлөмдөрдү мыйзамдарга ылайык төлөө; кредиторлор менен эсептешүү жана ведомствонун дебитордук карызын төлөтүү; мүлкүн каттоо жүргүзүү; Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ликвидациялык балансын даярдоо жана аны өкмөткө бекитүүгө жөнөтүү; мыйзамдарга ылайык Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Мамлекеттик кадр кызматына финансы полициясынан бошотулган кызматкерлерди окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуштарды киргизүү; ЭККМК өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарды белгиленген тартипте тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү тапшырылды.

Тэги: Финансы полициясы Сыймык Жапыкеев төрага

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть