Финансы полициясын жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды

05.03.2021, 11:50 Акчабар
Финансы полициясын жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

«Расмий маалыматтарга ылайык көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сомду же ИДПнын 23,6% түзөт, ал эми көз карандысыз эксперттер көмүскө экономиканын үлүшү ИДПнын 24 пайыздан 43 пайызына чейин экендигин белгилешет, бул Финансы полициянын кызматын талаптагыдай иштебегендигин кабар берет», - деп жазылат маалыматта.

Буга кошумча жеке ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсү боюнча нааразычылыктардын келип жаткандыгы дагы түрткү болгон.

«Көз карандысыз эксперттерден жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жаатында бул органдагы коррупция, ошондой эле анын жеке ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсү боюнча нааразычылыктар келип түшүүдө. Бирок, Финансы полиция объективдүү түрдө бүгүнкү күндө жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрбөстөн, жазалоочу функцияларды гана аткарып келүүдө», - деп билдиришти өкөттөн.

Тэги: Финансы полициясы Марипов Улукбек Марипов токтом ИДП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть