akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    13.07.2020, 05:30

    «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы Бишкек шаарынын мэриясына медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүүгө 30 кычкылтек концентраторлорун берди. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

    Маалыматта айтылгандай, жакынкы арада өлкөнүн региондору арасында бөлүштүрүү максатында дагы 40 кычкылтек концентраторун алуу пландалууда. Аны менен, алынган концентраторлордун жалпы көлөмү 70 даананы түзөт.

    Буга чейин ишкананын өкүлдрү медицина кызматкерлерине 100 комплект коргонуучу костюмдарын жана каражаттарын алып беришкен.

    «Газпром Кыргызстан ЖЧКсы ишкананын кардарларын тейлөө кеңселерине келүүнү чектөөгө чакырып, төлөм жүргүзүүдө Gazprom.kg уюлду тиркемесин, электрондук капчыктарды жана төлөө сервистерин колдонууну суранат. Кеңсеге келген учурларла социалдык аралыкты кармап, коргонуу каражаттарын колдонууну өтүнөбүз»,-деп белгилейт ишкана.

    [news 25835]

    Сурап-билүү телефондору: 4444 (мобилдик телефондон чалуу акысыз).