«Газпром» ЖЭБ үчүн атайын тариф түзөт

29.01.2021, 09:15 Акчабар
«Газпром» ЖЭБ үчүн атайын тариф түзөт

Премьер-министрдин м.а. Артём Новиков «Газпром» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы өлкөнү газдаштыруу жана мамлекеттик уюмдардын автопаркын газомотордук отунга өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча «Газпром-Кыргызстан» ЖЧК инвестициялык программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Андан сырткары, жаратылыш газына бааны төмөндөтүү мүмкүндүгү жана ага карай баанын түзүлүшү маселесин, анын ичинде Бишкек шаардык ЖЭБ үчүн атайы тарифти түзүү маселесин талкуулады.

Белгилесек, 2016-жылдан тарта Бишкек шаарынын жаңы конуштарын жана Чүй облусунун калктуу пункттарын газдаштыруу боюнча толук кандуу иш жүрүүдө. Бүгүнкү күндө жаңы конуш тургундарынын болжол менен 58% «Газпром-Кыргызстан» ЖЧК абоненттери болуп саналат.

Тэги: Газпром-Кыргызстан Артем Новиков акционердик коом ЖЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть