«Гиннес» китебинин рекорддору же кантип миллионер болсо болот?

15.12.2023, 09:00 Акчабар
«Гиннес» китебинин рекорддору же кантип миллионер болсо болот?

Көптөгөн кыргызстандыктар бакубат келечек жана учурдагы байгер жашоосу жөнүндө кыялданып келишет. Кимдир-бирөө өзүн камсыздап, “май чайнап” жүргөндөй өз алдынча болгусу келсе, кимдир-бирөө миллион утуп алсам дейт, ал эми кээ бирөө көчөдөгү караокеде ырдап коюп атактуу болуп, өз талантын монетизациялоону каалайт. Күнү-түнү эмгектенүүнүн аркасы менен же капысынан эле миллионер болуп кетсе болот, же «Гиннес рекорддорунун китеби» эмнени сунуштар экен деп анын рекорддорундагы жоопторду караса болот.

Pokemon карталарына инвестициялар

Инвестициялоо – бул сизге чоң киреше алып келе турган акча табуунун мыкты ыкмасы болуп саналат. Каржылык рынокто инвестициялардын түрлөрү бар: акциялар, облигациялар, фьючерстер, опциондор ж.б.. Бирок баштардан мурун, инвестициялар менен байланыштуу тобокелдиктерди дагы түшүнүү керек, бул темага тыкыр көңүл буруп, керек болсо адистештирилген мекемелерден кеңеш алса болот. Инвестиция кылуунун мындай ыкмалары менен катар башка ыкмалар дагы бар, мисалы, коллекциялоо. 2008-жылы япониялык коллекционер Хидео Фукуи Pokemon Charizard сейрек картасын 800 000 долларга сатып алат да, 2016-жылдагы аукциондо 1, 32 миллион долларга сатат, башкача айтканда кирешеси 520 000 доллардан ашуун сумманы түзөт.

Криптовалюта

Инвестициялоонун дагы бир ыкмасы азыркы учурда эң популярдуу жана түшүнүүдө кыйынчылык жаратып жаткан – бул криптовалюта. Криптовалюта – бул транзакциялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн шифрлөөнү колдонгон санарип валюта болуп саналат. Азыркы учурда биткойн 44 083 доллар көлөмүндө болгон рекорддорду койду. «Гиннестин рекорддор китебинин» версиясы боюнча америкалык ишкер Сэм Бэнкман-Фрид 2021-жылы криптовалютага инвестициялоо менен 23,7 миллиард АКШ доллар акча тапкан. Бирок бул эч ойлонбостон криптовалютага акча салуу керек дегенди билдиреби? Биткойн менен бирге бардык криптовалюта – бул волатилдүү валюта болуп саналат, анын наркы өтө тез өзгөрүлүп турат. Мурда биткойндун баасы 80%га жана андан дагы көп пайызга түшкөн. Бул болсо инвесторлор ыңгайсыз учурда биткойн сатып алышса, акчак каражаттарынын бир кыйла бөлүгүнөн ажырап калуу коркунучу бар экендигин билдирет. Ошондой эле криптовалюта өкмөт же башка каржылык жөнгө салуучулар менен жөнгө салынбайт.

Мурас

Ар кандай себептерден улам туугандар мурас калтырып, капыстан миллионер болуп калуу мүмкүнчүлүгү бар. Адамдар гана көп миллиондогон мурастын ээси болбой тургандыгы тууралуу кызыктуу факт бар. 1992-жылы Гюнтер IV аттуу немис овчарка итине анын кожойкеси немис графинясы Шралотта Либерштайндын бардык байлыгы өткөн. Экинчи орунда Калу аттуу шимпанзе турат, анын байлыгы 60 миллион долларды түзөт. Калу 1985-жылы америкалык бизнесмен Жан Готтфрид тарабынан 700 миң долларга сатылып алынган. 2002-жылы Готтфриддин өлүмүнөн кийин Калуга анын байлыгы мурас катары өткөн.

Талантты монетизациялоо

Балким, сиз атлетикалык өзгөчөлүктөргө ээсиз, же укмуштуудай үн созуп ырдай аласыз, же сиз атактуу блогер болушуңуз мүмкүн (акыркы күндөрдө абдан актуалдуу кесип). Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү эң бай блогер ар кандай тапшырманы аткарып жаткан видеолору менен атактуу болгон Жимми Дональдсон (MrBeast) болуп саналат. Мисалга, ал LEGOдон Ак үйдүн копиясын жасап чыккан, 100 автоунаанын үстүнөн машина менен секирген жана жөн эле кетип бараткан кишиге 100 миң доллар белек кылган. 2023-жылга карата анын кирешеси 110 миллион долларды түзөт.

Сүйүктүү иш

Ооба, бул акча табуунун жайылган ыкмасы болуп саналат. Иш карьералык өсүүгө жардам берет, ошондой эле жыйынтыгынан гана эмес, иш процессинен дагы ыразат алууга түрткү берет. Адам өз ишинде өз дараметин ишке ашырып, дүйнө жүзүнө өз салымын кошот. Мисалы, Жон Фрост (АКШ) General Electric компаниясында 14 жашынан баштап, жөнөкөй жумушчу болуп иштөө менен баштап, өндүрүш боюнча вице-президенттикке чейин жетип, 73 жыл эмгектенген. Ал өзүнүн ишин абдан жакшы көргөн жана инновацияларга бадан кызыккан киши болгон. Ал General Electric компаниясын бул ааламды жакшыртуунун мүмкүнчүлүгү катары көргөн жана ушул максат үчүн өз өмүрүн арнаган.

Бизнес

Эгер сизге мурунку варианттар жакпаса, өз бизнесиңизди ачуу жөнүндө ойлонууга убакыт келди. Бул татаал болушу мүмкүн, бирок туура пландоо аркылуу, өз “ишиң” жана максаттуу багытың менен ийгиликке жетишишиң мүмкүн. Өз учурунда америкалык Мэрилин Смит 20 жашынан баштап таттуу токоч сатып жүрүп 100 миллион доллар байлыгын топтогон. 2017-жылы каза болордун алдында Мэрилин Калифорниянын 100 татттуу токоч саткан тармагынын ээси болгон. Кыргызстанда ишкердик ишмердиктин перспективалуу багыты болуп саналат. 2022-жылы чакан жана орто бизнестин ИДӨдөгү үлүшү 39%ды түзгөн. Бизнес адамдарга өз дараметин ишке ашырууга, көбүрөөк акча табууга, каржылык жактан көз карандысыз болууга мүмкүнчүлүк берет. Бизнес өтө көп каражат талап кылгандыктан, аны ишке ашырууга жана кеңейтүүгө бардык эле учурда каражаттар табыла бербейт. Ишкерлер көпчүлүк учурда коммерциялык банктарга насыяга акча каражаттарын алуу үчүн кайрылышат. Кыргызстандын аймагында 23 банк бар, алардын ар бири насыялоонун өз шарттарын сунуштап келишет. Өз ишин илгерилетүү үчүн Халык Банк Кыргызстан ишкерлерге 20 000 АКШ долларына чейин жылдык 20% (АКШ доллары үчүн же КР сому үчүн 24%) пайыздык чени менен насыялоонун «Микро» (https://halykbank.kg/ru/business/smelending/kredity-msb) пайдалуу программасын сунуштайт (АКШ долларына жылдык 21,84%дан баштаган, сом менен 26,85%дан баштаган натыйжалуу пайыздык чен). Бул насыя 3 айдан 5 жылга чейин берилет. Банктын кызматкерлери Банктын филиалдарында же каалаган убакта 8008 телефону боюнча толук кеңеш берүүгө даяр.

Миллионер болуу – көпчүлүк адамдардын кыялы. Бирок мунун баары эле куру кыял бойдон калуу керек дегенди билдирбейт. Эгер сиз аракет кылсаңыз, сөзсуз ага жетишишиңиз мүмкүн. Биз чын дилибизден сунуштаган мисалдар сиздерди шыктандырып, ийгиликке жетүү үчүн туура кадамдарды жасооңузга жардам берет деген ишенимдебиз.

Тэги: Гиннес рекорд криптовалюта монетизация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть