Кыргызстанга донор-өлкөлөрдөн келген гумжардамдын тизмеси

20.04.2020, 13:10 Акчабар
Кыргызстанга донор-өлкөлөрдөн келген гумжардамдын тизмеси

Кыргызстанда коронавирус катталган күндөн тарта дүйнөнүн булуң-бурчунан гуманитардык жардамдар келип жатат. Республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн жардамдардын басымдуу бөлүгү медициналык коргонуучу каражаттар болгон.

1.Россия – 13700 тест-система жана аларга 110 таӊгак реагент бөлүп берди.

2.Кытай – 7000 тест-система (реагенттер), 200 000 бир жолу колдонулуучу беткап, 10 000 респиратордук беткап (№95), 1000 коргоочу медициналык костюм, 1000 коргоочу медициналык халат, 500 термометр, 1000 коргоочу медициналык көз айнек, 1000 медициналык кол кап, 1000 медициналык бахила жиберген.

3. Швейцария – Чүй облусунун жана Бишкек ш. Биринчи май районунун ҮМБнын мобилдүү бөлүмдөрүн жабдыктады, 35 концентратордук кычкылтектин келиши күтүлүүдө.

4. Япония – 2000 экспресс-тест (Primers and Probes и Positive Control) жардам катары көрсөткөн.

5.Корея – 500 жуп медициналык кол кап, 10 литр колдор антисептиги, 5 литр буюм беттеринин спрей-антисептиги бөлүнүп берилди. Кореядагы КР жарандарына 800 бир жолу колдонулуучу беткап жана 500 мл антисептик берилди.

6. Түркия – 200 таӊгак тест-система, 5000 бир жолу колдонулуучу беткап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоо фильтрлери бар беткап, 12 коргоочу көз айнек бөлүнүп берилди.
:pushpin: “Манас” университети өзүнүн жатаканасында 250 койка-орунду карантиндик борбор катары бөлүп берди.

7. Өзбекстан – 16 000 беткап, 7900 коргоочу комбинезон, 4800 тест-система жана аларга реагенттер, 1000 тонна ун, 20 000 кол кап, 2000 №95 респиратор, 500 коргоочу көз айнек, 200 пирометр жиберген.

«Мындан сырткары, донор-өлкөлөрдөн $274 162 АКШ келди. Россия Федерациясы жана Өзбекстан Республикасы көрсөткөн гуманитардык жардамдын суммалары такталууда», — деп жазылат маалыматта.

Тэги: гумжардам Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть