Akchabarsearch
Источник фото: КР Өкмөтү

Опубликовано

16.04.2020, 06:30

Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берди. Аны кабыл алуу иш-чарасына өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Самат Кылжыев, ошондой эле Кыргызстандагы Кытайдын элчилигинин кызматкерлери катышты.

[news 23242]

Самат Кылжыев көрсөтүлгөн жардам үчүн өкмөттүн атынан ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы 50 килограммдык 550 кап ун, 5,5 тонна шекер жана 5 500 литр суу май алынган. Азык-түлүк муктаж жарандарга таратуу үчүн Жардам штабына өткөрүп берилди.

Бул гуманитардык жардам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында калктын аярлуу катмарына таркатылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кытайлык жарандар буга чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ооруканаларда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине 600 даана коргоочу кийим берген.


Читать похожее

  • 24.02.2021, 22:15:33
  • 22.12.2020, 22:20:52
  • 17.12.2020, 22:00:01
  • 25.11.2020, 21:05:27