Опубликовано
16.04.2020, 06:30Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берди. Аны кабыл алуу иш-чарасына өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Самат Кылжыев, ошондой эле Кыргызстандагы Кытайдын элчилигинин кызматкерлери катышты.
[news 23242]
Самат Кылжыев көрсөтүлгөн жардам үчүн өкмөттүн атынан ыраазычылык билдирди.
Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы 50 килограммдык 550 кап ун, 5,5 тонна шекер жана 5 500 литр суу май алынган. Азык-түлүк муктаж жарандарга таратуу үчүн Жардам штабына өткөрүп берилди.
Бул гуманитардык жардам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында калктын аярлуу катмарына таркатылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кытайлык жарандар буга чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ооруканаларда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине 600 даана коргоочу кийим берген.