Өкмөт калктын аярлуу катмарына 6 988,7 тонна ун таратты

24.04.2020, 16:30 Акчабар
Өкмөт калктын аярлуу катмарына 6 988,7 тонна ун таратты

Өкмөт жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 6 988,7 тонна ун таратты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт бардыгы болуп Ош облусуна 1705,05 тонна ун бөлсө, анын 231,7 тоннасы эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес болуп турган Кара-Суу районуна, 476,85 тоннасы Ноокат районундагы калктын аярлуу катмарына таратылды. Ал эми Жалал-Абад облусуна 2053,3 тонна бөлүндү. Анын 621,25 тонна уну өзгөчө абал кирген Сузак районуна жеткирилди. Баткен облусуна 775,5 тонна; Нарын - 281,1, анын 70,4 тоннасы өзгөчө абал тартиби кирген Ат-Башы районундагы муктаждарга берилди; Чүй – 711,25, Ысык-Көл – 267,6, Талас – 294,9 тонна ун бөлүндү.

Муну менен катар өзгөчө абал кирген Бишкек шаарына 670 тонна берилди, ал эми Ош шаарына 230 тонна ун жеткирилди.

Белгилей кетсек, ун атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып берилди.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана буудай менен ундун запасын камдоо максатында кыргыз өкмөтү Россия Федерациясындагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Анын 2700 тоннасы өлкөгө жеткирилди. Калган бөлүгү жакынкы күндөрү алып келинет.

Тэги: Өкмөт гуманитардык жардам Ун

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть