«Халык Банк» 2020-жылы дээрлик 185 млн сом киреше тапты

05.04.2021, 10:00 Акчабар
«Халык Банк» 2020-жылы дээрлик 185 млн сом киреше тапты

2020-жылдын жыйынтыгына ылайык, «Халык Банктын» Улуттук банктын талабына жараша бекитилген таза кирешеси 185 млн 246.6 миң сомду түздү. Бул тууралуу банктын жылдык жыйынында маалым болду.

Кирешенин 99.9% «Халык Банктын» бөлүштүрүлбөгөн пайдасына калтыруу чечими кабыл алынды, 0.1% — 185,22 миң сом өлчөмүндөгү пайдадан капиталдык резервди түзүүгө жөнөтүлдү.

«Халык Банктын» 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгындагы дивиденддер төлөнбөйт», — деп билдиришти банктан.

Ал эми 2020-жылда түшкөн кирешенин 223 млн 625 миң 693 сомун банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасында калтыруу чечими кабыл алынды.

Тэги: Халык Банк Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть