Кыргызстандын ички карызы бир ай ичинде 2.8 млн $ жогорулаган

27.04.2020, 12:30 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы бир ай ичинде 2.8 млн $ жогорулаган

Кыргызстандын ички карызы үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап, 29-февралга чейин 227 млн 990 миң сомго же 2 млн 836 миң 455 долларга (УБ 27-апрелдеги курсуна ылайык) жогорулаган. Бул маалыматты республиканын финансы министрлиги маалымдады.

29-февралга карата (финансы министрлигинин акыркы маалыматына ылайык) республиканын ички карызы 52 млрд 56.1 млн сомду түзгөн. 31-январга салыштырмалуу өсүү 0.4% түзгөн.

Белгилей кетсек, ички карыздын өсүшүнүн себеби, узак мөөнөттү баалуу кагаздардын 830.18 млн сомго жогорулашы менен шарттуу болгон. Ошол эле учурда кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча карыздын өлөмү 602.2 млн сомго кыскарган.

Тэги: ички карыз Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть