Опубликовано
03.02.2020, 04:00Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы 30 миң евро өлчөмүндөгү жасалма акчаны ташып келе жаткандарды кармады. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты.
«Бишкекте жасалма акча каражаттарын өткөрүп жаткан, Түркиядан Кыргызстанга жасалма акча каражаттарды ташып келген топтун мүчөсү кармалган. Мыйзмсыз акча айлантуудан жасалма 30 миң евро өлчөмүндөгү акча каражаты алынган»,-деп билдиришти мекеменин басама сөз кызматынан. Аталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кылмышка тиешеси барларды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.