«Индия — Борбордук Азия» биринчи саммити аяктады

27.01.2022, 20:00 Акчабар
«Индия — Борбордук Азия» биринчи саммити аяктады

Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин демилгеси менен биринчи "Индия — Борбордук Азия" саммити онлайн режиминде өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын президенттери жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышты.

Лидерлер Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашып, аймактык жана эл аралык маселелер, анын ичинде эки тарапты кызыктырган түрдүү чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча өз ойлорун билдиришти.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Модинин диалогдук аянтчаны жогорку деңгээлде түзүү демилгесин кубаттап, колдоого алды.

Мамлекет башчысы экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Индиянын транспорттук-транзиттик өз ара байланышын жогорулатууга көмөктөшүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн сунуш кылууга даяр экенин билдирди.

Саммиттин жыйынтыгында Дели декларациясы кабыл алынды.

Тэги: саммит Борбор Азия Индия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть