Кыргызстанда номиналдуу эмгек акы 7.7% жогорулады

03.03.2021, 16:45 Акчабар
Кыргызстанда номиналдуу эмгек акы 7.7% жогорулады

Евразия экономикалык бирикмедеги мамлекеттердин эмгек акысы өткөн жылы жогорулады. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.

Номиналдуу жана реалдуу эмгек акынын эң жогорку көлөмү Белорусия (14.2% жана 8.2%) жана Казакстанда (14.6% жана 7.3%) катталган.

Кыргызстанда номиналдуу эмгек акынын өсүшү 7.7% катталган. Ал эми Россияныкы бир жыл ичинде +6% жана Арменияныкы +3.9% жогорулаган. Ошол эле учурда республикада реалдуу эмгек акынын көрсөткүчү эң төмөн. Инфляцияны эске алганда өсүү болгону 1.3% түзгөн.

Муну менен катар инфляциянын кесепетинен кыргызстандыктардын эмгек акысы 1 миң 104 сом же 6.4% кыскарган.

Тэги: Евразия экономикалык бирикме мамлекет эмгек акы ЕЭК инфляция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть