Опубликовано
28.04.2020, 06:30Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча Венгрия жана Кыргызстандын өкмөтү ортосундагы келишим колдоого ээ болуп, экономика министри Санжар Муканбетовго кол коюу үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
[news 23527]
Келишимде эки өлкөнүн инвестициялары жана инвесторлорду коргоонун кепилдик шарттары каралып, 10 жылга түзүлдү. Түзүлгөн макулдашуунун жыйынтыгы Кыргызстанга венгриялык инвесторлордун көп келүүсүнө шарт түзөт.
Эки тараптын макулдашууга кол коюусу ушул жылдын жай айына пландаштырылууда.