Ипотекалык программаны ишке ашыруу максатында МИКтин уставдык капиталы 8,5 млрд сомго көбөйтүлөт

25.02.2022, 11:46 Акчабар
Ипотекалык программаны ишке ашыруу максатында МИКтин уставдык капиталы 8,5 млрд сомго көбөйтүлөт

Президенттин тапшырмасын аткаруу иретинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин катышуусунда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК ишмердүүлүгүнүн маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында акционердик коомдун турак жай куруу аркылуу турак жай фондун жогорулатуу планы тааныштырылып, «Менин үйүм-2021-2026» программасын ишке ашыруу алкагындагы компаниянын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Аалиев МИКтин программасын ишке ашырууга каражаттарды бөлүү темпин тездетүү жана ипотекалык кредитке болгон калктын бардык муктаждыгын канааттандыруу зарылдыгы тууралуу билдирди. Буга байланыштуу Финансы министрлигине тийиштүү тапшырма берди. Тапшырмага ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айынын аягына чейин 1 млрд сомго чейин каржылоо маселесин иштеп чыгуу жана андан соң 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ипотекалык программаны ишке ашыруу максатында аталган компаниянын уставдык капиталын 8,5 млрд сомго көбөйтүү зарыл.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Экономика жана коммерция министрлигине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга турак-жай курулушун стимулдаштыруу максатында ипотекалык кредиттөө программасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасын берди.

Тэги: мамлекеттик ипотекалык компания Азиз Аалиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть